top of page

Сокулук районунда милиция кызматкерлеринин көзүнчө бир жаранды сабап кетишкен! УКМКнын кызматкерлери

2021-жылдын 28-июлунда Киргизбаев Усон Абдуваитович "Кылым Шамы" КФга юридикалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

2021-жылдын 14-июнунда кечинде Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Тюз айылында жайгашкан айдоо талаасында 5-6 адамдан турган топ аны катуу сабап салган. 1987-жылы туулган Киргизбаев У. А. талаага малга тоют сатып алуу үчүн барган. Аны сабоодо 5-6 адамдан тышкары Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери болгон. Алардын бири Нурдин деп аталат, болжол менен, ал участкалык милиционер.

Сабоо ортосундагы аралыкта милиция кызматкерлери белгисиз адамдардын мыйзамсыз аракеттерин токтотуунун ордуна, У.А.Киргизбаевден алдамчылык кылганын мойнуна алууну талап кылышкан, эгер күнөөсүн моюнга алуудан баш тартса сабайбыз деп коркутушкан.

Сабалгандан кийин үч милиция кызматкери У.А.Киргизбаевди Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын имаратына алып келишкен. Ал жерде Нурдин аттуу жаран протоколсуз жеке тинтүү жүргүзүп, 8500 (сегиз миң беш жүз) сом, паспорт, унаанын техникалык паспортун жана уюлдук телефонун алып кеткен.

Андан кийин Киргизбаева У.А. тергөөчүнүн кабинетине жеткирилген, ал жерде жеке буюмдарын алып кеткен Нурдин тергөөчүгө акчанын бир бөлүгүн, 3500 (үч миң беш жүз сом) берип, өзүнө 5000 (беш миң) сом алып калган.

Оз укугун коргоого жетиштүү билимге ээ болбогон У.А.Киргизбаев бул фактыларга таянып, Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган, ал АМС БКЖРде 03-009-2021-004188 катталган. Балким, фактыларды бурмалоо максатында, иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин (кыйноо) ордуна, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266 ч-1 беренеси боюнча катталган.

Андан сырткары, Киргизбаевдин жубайы Усон кызы Асел 2021-жылдын 14-июнунда күйөөсүн сабаган адамдарга чара көрүү максатында Сокулук районунун прокуратурасына бул фактылар боюнча арыз жазган. No 03-009 -109-2021-000034 АМС БКЖРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-1 беренеси боюнча катталган.

Сокулук районунун прокуратурасы каттоодон өткөндөн кийин териштирүүгө жөнөтүү үчүн Чүй облусунун прокуратурасына кат жиберилген. Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын өндүрүшүндөгү No 03-009-2021-004188 АМС БКЖРде материалдарынын негизинде сотко чейинки тергөө ошол эле бөлүмдүн кызматкерлерин жашыруу максатында, бир жактуу жүргүзүлөт деп эсептейбиз. Ички иштер жана тергөө аракеттери атайылап создуктурулат.

Сокулук РИИБнин жетекчилиги тарабынан жогорку кызмат адамдарынын тарабына терс кесепеттерди болтурбоо үчүн тергөөчүлөргө кысым көрсөтүлүшү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайбыз (кызматкерлер тартиптик жоопкерчилик түрүндө) 'күнөөсү далилденди, анткени Сокулук РИИБдин жетекчилери кол алдындагылардын жоопкерчиликтен качышына кызыкдар), У.К.Киргизбаев Сокулу РИИБдин үч кызматкери экенин көрсөтмө берет. аны сабап салышканда катышышкан. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 33 беренесине ылайк (б-3) "Прокурордун ыйгарым укуктары", "Ырааттуулугуна ылайык, өзгөчө учурларда - ырааттуулугуна карабастан, жазык иштерин - тергөөчүгө же тергөөчүлөрдүн тобуна, жоруктар жөнүндө иштерди алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тобуна өткөрүп берүүгө. Өзгөчө учурлар төмөндөгүлөр болуп саналат: тергөөчү ишти калыс тергөө жүргүзбөөсү; кызмат адамдары тарабынан карамагында турган тергөөчүгө тигил же бул чечимди кабыл алууга кысым көрсөтүүсү; иштин коомдук маанилүүлүгү; ушул иш боюнча кылмышты ачкан органдын тергөө жүргүзүүсүнүн максатка ылайыктуулугу".

У.А.Киргизбаевдин сабалышына Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышканын эске алганда, бул иш УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кароосуна тапшырма берүү туура болт деп ейпептейбиз.

Учурда "Кылым шамы" КФсы Киргизбаевдин У.А. укугун коргоо учун Чүй облусунун прокуратурасына жөнөттүү жана укуктук тараптан жардам көрсөтүп жатат.

1 view0 comments

Commenti


bottom of page