Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова кечирим сураган медицина кызматкерлери тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго жазган кайрылуусу боюнча териштирүүнү токтотууну суранды. Мунун себеби, кайрылуунун алкагында жеке дарыгерлерди бир нече жолу укук коргоо органдары суракка чакырганы белгилүү болду. «Кылым Шамы» укук коргоо борборунун өкүлү Гулшайыр Абдирасулова 12 апрельде «Фейсбук» баракчасына Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.Жээнбековко, премьер-министр Ө.А.Абылгазиевке кайрылуу постун жарыялаган. Г.Абдирасулова кайрылуусунда, медицина кызматкерлери кечирим суроого «мажбурлап» жаткан адамдардын иш аракеттерине укуктук баа берүүнү суранган. Г.Абдирасулова кайрылуу постунда, Уллутту коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өзүм билемдик менен алектенип, президент жарыялаган реформаларга жана адам укуктарын камсыз кылуу боюнча милдеттерге доо кетирип жатканын айтып, мамлекет башчысынан, саясиий эрк көрсөтүп УКМК структурасында реформаларды өткөрү процессин баштоосун суранган. Г.Абдирасулованын «Азаттык» радиосуна берген маеги менен ушул шилтемеде тааныша аласыздар.
top of page
bottom of page
Comments