top of page

19 жаштагы Сайид-Али Ибрагимовду милиция кызматкерлери камерада өлтүрүшкөн, анын өлүмүнө күнөөлүүлөр

19 жаштагы Сайид-Али Ибрагимовду милиция кызматкерлери камерада өлтүрүшкөн, анын өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланган жок!


2009-жылдын 28-майында «Кылым шамы» КФуна Сайид-Али Ибрагимовдун ИВС абагында өлүмүнүн жагдайларын иликтөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүч келип түшкөн. 2008-жылы Сайид-Али досу менен бирге адам өлтүрүүгө шектелип, Кара-Балта шаарындагы милиция бөлүмүнө жеткирилген.


Апасынын айтымында, милиция кызматкерлери аны кыйнашкан: колуна кишен салып сууга малып, сабап, башына тапанча такап, «качууга аракет кылганда өлтүрөбүз» деп коркутушкан. Анын башын сөңгөгүнө сайып, бөйрөккө жана көкүрөккө сабашкан.


Кийинчерээк Ибрагимов ата-энесине жөнөткөн каттарында беш ар түрдүү кылмышты мойнуна алууга аргасыз болгонун, аны өлтүрүп кетебиз, муну эч ким билбейт деп коркутуп, башына суу толтурулган баклажка менен сабашканын, дубинка менен уруп, жамбашына тээп, тырмактарынын астына ийне сайып, эс-учун жоготконго чейин тынымсыз сабап турууну милиция кызматкерлери буйруган.


«Кылым Шамы» КФнын негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына Сайид-Алинин иши боюнча мындай деп жазган: «Киши олтуруу фактысын мойнуна алдыруу максаты менен ошол кездеги Жайыл РОВД сынын кызматкерлери кандай гана ыкмаларды колдонгонун уккан адамдын тобо чачы тик турат. Ал ыкмалардын бироосун гана айтайын. Сайид-Алинин желкесин лезвия менен тилип туз себишкен экен. Анын ичин тилип, ичегилери корунуп калганда скочтоп коюшту».


Өлөөрүнө 3 саат калганда Ибрагимов апасына телефон чалып, окуянын баарын айтып берип, мунун баарын сотто айтып берүүнү убада кылган.

6-апрелде Сейид-Али өлтүрүлгөн. РОВД Ибрагимов өз жанын кыйганын, башкача айтканда, камерада асынып алганын, бирок аны кантип жасаганын эч ким көргөн эмес деп билдирди.


Маркумдун камералашы өз түшүндүрмөсүндө, ал камерага киргенде Ибрагимов камеранын ортосунда жерде жаткан, жана анын асынып алган изи жок экенин жазган. Адвокат күбөнүн көрсөтмөсүнөн Ибраимовду камерага алып келишкенин, андан кийин гана анын ошол жерде турган жуурканынан лента түрүндөгү кесим айрылганын белгиледи.


Бир аздан кийин дагы бир адам камакка алынып, Сайид-Али айыпталып жаткан адамды өлтүргөн деп айыпталган!

Милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери аяктап, иш сотко өткөрүлгое. Райондук сот бир жактуу позицияны карманды. Биз Чүй облустук сотуна кайрылдык, облустук сот ишти Жайыл райондук сотуна кайтарды.


Бир нече ай өттү. Райондук сотко барганыбызда иштин материалдары келе электигин айтышты. Чүй облустук сотуна кайрылганыбызда иш материалдары жөнөтүлгөнүн айтышты. Ошентип эки соттун ортосунда бир нече милиция кызматкерлерине козголгон кылмыш иши токтотулду.


Он жыл өттү. Биз кайрылбаган жер болгон жок! Кылмыш ишинин материалдары жоголсо, анда кылмыш иши да, жоопкерчилик да жок! 19 жаштагы баланын өлүмү үчүн эч ким жазаланган жок!

Белгилей кетсек, бул жеке эле кылмыш иштери жоголгон окуя эмес, «Кылым Шамы» КФда мындай кылмыш иштери жонундо маалымат көп. Бул иштин материалдары «Кылым Шамы» КФнун архивинде сакталып турат. Эгерде бул ишти кайра ачууну каалаган жактоочу болсо, биз иштин материалдарынын көчүрмөсүн беребиз.

1 view0 comments

Σχόλια


bottom of page