top of page

24 жаштагы кош бойлуу Салтанат өз жанын кыйды! Күнөөлүүлөр жоопко тартылабы?


Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну Бакыт Назаралиев «Кылым Шамы» коомдук фондуна кайрылган. Ал сиңдиси Салтанатты өз өмүрүнө кол салууга күйөөсү менен жеңеси түрткөн деп эсептейт.


2021-жылдын 2-ноябрында Салтанат үйдүн короосунда жайгашкан сарайдан асынып алган абалда табылган. Экспертиза Салтанаттын кош бойлуу экенин аныктаган (маркум кош бойлуулуктун бешинчи айында болгон).


Бакыт Назаралиев сиңдисинен өз жанын кыйганы тууралуу кат алып, анда жолдошу Залкар менен жеңеси Назираны өз өмүрүнө кол салууга түрткөнүн, алар аны көп жолу жемелеп, басынтып, анысы аз келгенсип, күйөөсү ур-токмокко алганы жазылган. Салтанаттын өлүмүнө ушул кишилер күнөөлүү экенин билдирген.


Бакыт Назаралиев милицияга берген арызында Залкар менен Назира күнөөлүү экенин, бирок Залкарга гана кылмыш иши козголуп, бир айга гана камалганын белгиледи. Ал ошондой эле, тергөөчү Айбек Тойчубеков эмнегедир кылмыш ишинин материалдарында турган Салтанаттын өз жанын кыюу тууралуу катын жоготуп алганын айтты.


Азыр тергөө муну четке кагууда, бирок арыздарга Назиранын Салтанатка кандайча психологиялык зомбулук көрсөткөнүн сүрөт жана аудио тиркелген. Бирок тергөө өлүм фактысы боюнча тергөөнүн толуктугун, объективдүүлүгүн жана комплекстүүлүгүн камсыз кылып, бардык күнөөлүүлөрдү жоопко тарткысы келбейт!

Бакытты тангалдырганы Салтанат каза болгондон кийин телефону Назиранын уулунан табылганы, эмне үчүн тергөөчү каза болгон жарандын телефонун өз убагында алган эмес, эмне үчүн Назиранын уулу телефонду бир нече күндөн кийин гана тергөөгө бергени.


Эксперттер (адистер) объективдүү корутунду берүү үчүн өз жанын кыюу жөнүндө жазууну жана аудиожазууну Салтанатты мүнөздөгөн документтер менен, психикалык жана физикалык зомбулуктун күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрү менен бирге изилдеп чыгышы керек. Салтанаттын тирүү кезинде денесинен табылган жаракаттар соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча тергөө, тескерисинче, экспертизанын түрлөрүн бөлүп, өзүнчө соттук-лингвистикалык экспертизаны дайындаган, анын корутундусун объективдүү бере албайт. Салтанаттын өлүмүнүн себептери тууралуу.


Жабыркаган тараптын жактоочусунун комплекстүү соттук-лингвистикалык, психологиялык-психиатриялык экспертизаны дайындоо жөнүндө өтүнүчүн тергөө кайсы себептен канааттандыруудан баш тартып жатканын божомолдосо болот. Мына ушул фактылардын бардыгына көзөмөл органынын реакциясынын жоктугу да тынчсыздандырат.

3 views0 comments
bottom of page