top of page

Укук коргоочу Иззатилла Рахматиллаев улутунун негизинде ачык кодолого кабылды!

«Кылым шамы» Адам Укугун Коргоо Борборунун Ош облусу боюнча өкүлү, укук коргоочу Иззатилла Рахматиллаев улутунун негизинде ачык кодолого кабылды!


Бүгүн, 2022-жылдын 27-июнунда саат 11:30 чамасында Иззаттилла Рахматиллаев өзүнүн унаасы менен коногу, Норвегиянын жаранын, алып бара жатканда, адамдар өтүп бара жаткан өтмөктүн алдына токтогон. Артында турган унаанын (мамлекеттик номуру: Y 438 AC 797) айдоочусу катуу сигнал берип, кыйкырып, аны сарт деп атап, жаман сөздөрдү айта баштаган.


И. Рахматиллаевдин бул факты боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуу аракетине «Кылым шамы» өкүлдөрү кийлигишкенге чейин, милиция кызматкерлери көңүл бурган эмес.

«Кылым шамы» И.Рахматиллаев Кыргыз Республикасынын жараны экенин, биздин өлкөбүздө туулуп-өскөн патриоту, укук коргоо жаатында жигердүү ишмердүүлүк жүргүзүп келе жатканын белгилейт.


Этникалык теги боюнча кодолонун (дискриминациянын) мындай көрүнүштөрүнө жол берилгис!


“Кылым шамы” жарандарды басмырлоо жана сабырсыздыктын көрүнүштөрүн жаап-жашырбоого, ал эми укук коргоо органдарын кылмышкерди аныктоо жана Кыргыз Республиканын мыйзамдарына ылайык жазага тартуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө чакырат.

6 views0 comments
bottom of page